“Тазалыктын” түнкүсүн иштеген кызматкерлерине күйүп-жанган атайын шайман берилип баштады

“Тазалыктын” түнкүсүн иштеген кызматкерлерине күйүп-жанган атайын шайман берилип баштады.   Муниципалдык ишкананын башчысы Рамиз Алиев билдиргендей, мындай чара жумушчулардын коопсуздугу үчүн жасалууда.   Себеби түнкүсүн же таңга маал иштеп жаткан кызматкерлерди айдоочулар байкабастан коюп кеткен учурлар көп катталат.

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан жаңы Үй-бүлө кодексинин долбооруна ылайык, келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.   Анда жубайлардын жашоо тартиби, анын ичинде ажырашкандан кийинки укуктары жана милдеттери камтылат.   Ошондой… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, күндүзгү саат 2ге чейин аталган пункт аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт.   Бул байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.  Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

“Акылдуу” эсептегичтер Кыргызстандын бардык абоненттеринде 1,5 жылдын ичинде орнотулат

  “Акылдуу” эсептегичтер Кыргызстандын бардык абоненттеринде 1,5 жылдын ичинде орнотулат.   Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан республика аймагында 1 миллиондон ашык керектөөчү бар.   Алардын 450 миңден ашыгы заманбап шаймандар менен камсыздалган. Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы … Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин Асанбай кичирайонунда ысык суу жана жылуулук болбойт

Бишкектин Асанбай кичи районунда бүгүн саат 9:00дөн 17:00гө чейин ысык суу жана жылуулук болбойт.   Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагынан” билдиришти. Буга аталган аймактагы жылуулук тармагында пландан тышкары оңдоо иштери себеп болууда. «Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы жарандардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Дагы бир россиялык компания Москвадан Ош шаарына туруктуу каттамдарды кое берүүнү пландап жатат

Дагы бир россиялык компания Москвадан Ош шаарына туруктуу каттамдарды кое берүүнү пландап жатат.   Учуулар күн сайын Внуково аэропортунан аткарылат. Эске салсак, учурда Москвадан Ошко 4 авиакомпаниянын учактары каттайт – экөөсү россиялык, экөө ата мекендик компаниялар.

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин жүргүзүлөт

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат.  28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.   Эске салсак, аталган округдардан парламентке… Кененирээк…

Кыргызстанга 4 шаардын таза суу системасын жакшыртууга 16 миллион евро бөлүнөт

Кыргызстанга 4 шаардын таза суу системасын жакшыртууга 16 миллион евро бөлүнөт.   Президент Садыр Жапаров Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосунда гранттык макулдашууну ратификациялады.   Документке ылайык, сумманын жарымы кредит катары берилсе, жарымы кайтарымсыз грант болот. Каражат Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында таза суу… Кененирээк…

Бишкектин түндүгүн менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат

Бишкектин түндүгүн менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат. Алар Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине жете турганын мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ал үчүн Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жолду кестирип, Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Бул максатта учурда жол  курулуш  иштерине тоскоолдук жараткан… Кененирээк…

Улуттук банк Санарип сомду ишке киргизерден мурда алгач анын демонстрациялык версиясын иштеп чыгып, сынап көрөт

Улуттук банк Санарип сомду ишке киргизерден мурда алгач анын демонстрациялык версиясын иштеп чыгып, сынап көрөт.   Бул тууралуу мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев  билдирди. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар – биринчиси кадимки накталай сом, экинчиси банктардын эсептеринде турган накталай эмес сом. Мында накталай… Кененирээк…