Катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркады

28-мартта өлкө аймагында катталган катуу шамалдан алдын ала маалымат боюнча 10 адам, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында Жарандык коргонуу кызматтары… Кененирээк…

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Маалыматка ылайык, бүгүн-эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аталган аймактардын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мындан улам… Кененирээк…

Бишкек: шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Бишкек шаары жана Чүй облусунда катталган катуу шамалдан улам ордо калаада эки бала жабыркады. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.   Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча Бишкекте 25 турак үйдүн, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатыры учуп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө   . Эске салсак, Сосновкада жүк ташыган машинелердин өтүшүнө чектөө кечээ түнкү саат 10:30дар чамасында аба ырайына… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт

Бишкекте бүгүнтөн тарта 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт. Буга жылуулук тармактарын сыноо себеп болууда.   Өчүрүү борборлоштурулган жылуулук менен камсыздалган жеке турак жайларга гана таасирин тийгизет. Көп батирлүү үйлөргө ысык суу берүү чектелбейт.   Бишкек жылуулук тармагы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чара аба ырайына байланыштуу тыгындарды болтурбоо үчүн кабыл алынды жана Бишкек-Ош жолунда климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.

Баткенде мунайды кайра ишеткен завод курулуп жатат

Баткенде мунайды кайра ишеткен завод курулуп жатат. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, ишкана Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында жайгашат.   Белгиленгендей, заводду кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы салууда. Объект ишке кирсе күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташып, АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин, дизел отуну, газ жана башка майлоочу майларды… Кененирээк…

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн 20 млрд сомдон ашык каражат түштү. 2020-жылдан 2024-жылдын январь-февраль айларына чейинки маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.   Сумма мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана өз ыктыяры менен акча каражатын төгүп берүү боюнча укук коргоо органдарынын атайын депозиттик эсептерине которулду.   Эске… Кененирээк…

Бишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.   Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Ага ылайык, бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн тартипке өттү.   Кечээ, 28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече… Кененирээк…

Москвадагы терактта жабыркагандардын тизмесинде Кыргызстандын жарандары жок

Тышкы иштер министрлиги “Крокус сити холл” концерттик залында болгон кол салуудан улам жабыркагандардын тизмесинде 28-мартка карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.   Ошол эле учурда Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Красногорски шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн Орусиянын жарандыгын алган жашы жете элек этникалык кыргыз Б.К.га барып,… Кененирээк…