Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөттү

Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, чечим бүгүн, 30-апрелде күчүнө кирди.   Кыргызстанда инфляциялык процесстер жайлап жатат. Апрелде жылдык инфляциянын деңгээли 5,2 пайызды түзүп, акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу… Кененирээк…

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, режим облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу аймактагы президенттин өкүлүнүн буйругунун негизинде кечээ алынган.   Белгилеп кетсек, 20-апрелде Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа… Кененирээк…

Бишкектин Чоң-Арык конушунда Үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда

Бишкектин Чоң-Арык конушунда Үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Мэриядан билдиришкендей, имаратта ЭКГ жана УЗИ кабинеттери, дарыгерлер бөлмөсү, техникалык аймак жана стерилизацияланган бөлмөлөр каралат.   Андан тышкары, бейтапкананын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Баткен облусунун Лейлек районунда Ак-Суу каналынын курулушу уланууда

Баткен облусунун Лейлек районунда Ак-Суу каналынын курулушу уланууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2 миң 500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүтсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголуп, 95 гектар жер аянты өздөштүрүлөт.   Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы… Кененирээк…

Ордо калаада №5 жана 7-троллейбустун каттамдары убактылуу токтотулду

Ордо калаада №5 жана 7-троллейбустун каттамдары убактылуу токтотулду.   Троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чектөөлөр 7-апрель көчөсүнүн Горький-Чүй тилкесинде авариялык иштер аткарылганына байланыштуу киргизилди.   Каттамдар жумуштар толук аяктагандан кийин жанданат.

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.   Мэриядан билдиришкендей, имарат 140 орунга чакталат. Анда оюн бөлмөлөрү, сактоочу жай, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залдары каралган.   Учурга карата объекттин темир-бетонндук каркасы тургузулуп, чатыр салынууда.

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, бүгүн салык органдары түнкү саат 12ге чейин иштейт.   Эске салсак, 1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат. Физикалык жактар отчетторун “жеке кабинет” аркылуу онлайн форматта же салык кызматына келип кагаз түрүндө тапшырса болот.… Кененирээк…

Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн

Бишкектин айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулушу мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, кеп, атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган жабдуу орнотпогон фирмалар тууралуу болуп жатат.   Мындай компаниялар ишин кайра бузууларды жойгондон кийин гана уланта алат.   Муниципалитеттен такташкандай, бардык курулуш аянттары өрт коопсуздугу системасы, дөңгөлөктөрдү жууганга эстакада менен камсыздалып,… Кененирээк…

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска дээрлик 60 миң бала катталды

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска дээрлик 60 миң бала катталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте учурга карата 5 мектепте орун калган жок.   Алар — №26, 70, 29, 20 жана 13-мектептер. Эске салсак, электрондук каттоо   8-апрелде башталган. Ал эки этап менен жүргүзүлөт, биринчиси 2-июнга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.   Долбоор ишке ашкандан кийин 4 миң 800 жумушчу… Кененирээк…