Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
30-июлдан 2-августка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу
тоолуу аймактарда суу ташкындашы күтүлөт. Канал, арык жана
суу өтүүчү түтүктөрдү өз мөөнөтүндө тазалоо жаратылыш
кырсыктарын алдын алууга жардам берет.