Бишкектин коомдук унаа жайларында тариф пенсионерлер үчүн дагы көбөйөт.
Бул тууралуу novosti.kgге шаардык кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти. Алсак, эми пенсионерлерге жол кире мурдагыдай 5 сом эмес, 8 сомду түзүп калат.
Жеңилдетилген тариф кечки саат 9га чейин күчүндө болот. Ал эми автобус, тролейбустарда пенсиондук китепчелери бар жарандар акысыз жүрө алышат. Эске салсак, жаңы тарифтер 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.