Кыргызстанга декабрда Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет.
Бул тууралуу novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун
директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, препарат
COVAX программасынын алкагында жеткирилет. Вакцина эки
компоненттүү жана ал бардык каалочуларга жеткиликтүү болот.
Колдонуу тууралуу кененирээк маалымат препарат
өлкөгө келгенден кийин берилет.