Кыргызстанда Улуттук банктын атын колдонгон шылуундар көбөйдү.
Мындан улам өлкөнүн башкы каржы мекемеси жарандарды сак болууга чакырат.
Белгиленгендей, эч кандай шартта жеке маалыматты, картанын номерин, анын мөөнөтү качан бүтөрүн, ПИН-коддорду жана кодду тастыктаган билдирүүлөрдү чоочун адамдарга бөлүшпөө керек.
Такталбаган шилтемелерди баспагыла, ал жерге өзүңөр тууралуу маалыматты киргизбегиле, — деп жазылган банктын эскертүүсүндө.