Пенсия эң жогору болгон мамлекеттер аталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Испания биринчи орунду ээлейт. Ал жакта карылар айына 3 миң 800 доллардан ашык алышат. Испаниялыктар пенсияга 65 жаштан кийин чыгышат.
Экинчи орунда АКШ турат. Американын 65 жаштан жогорку жарандары өкмөттөн айына 3 миң 600 доллар алышат.
Ал эми алдыңкы үчтүктө Германия турат. Аталган өлкөдө пенсионерлердин максималдуу кирешеси айына 2 миң 600 доллардан ашат. Германияда пенсияга чыгуу курагы орточо 66 жашты түзөт.