Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө мамлекет кандай жардам берет

Эмгек министрлигинен өлкөдөгү аз камсыздалган үй-бүлөлөргө кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын айтып беришти. Кирешеси аз жарандар “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алышат.

 

Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай 90 миңден ашык үй-бүлө бар. Аларга ай сайын 1 миң 200 сомдон берилет. Ошол эле үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф күчүндө, бир киловатт саатына 50 тыйындан төлөшөт.

 

Андан тышкары, өлкөдө жакырчылыкты азайтуу максатында “Социалдык келишим” долбоору иштеп жатат. Анын алкагында аз камсыздалгандарга жеке ишкерликти ачууга 100 миң сомдон берилүүдө.