“Алтын тамга” тестин ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр мектептерде жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.
Ал быйыл тестирлөөгө 2 миңден ашык бүтүрүүчү катышканын эске салды. Анын ичинен 149у артыкчылык аттестат алуу укугун тастыкташты. Анын жыйынтыгы менен макул болбогондор аппеляциялык арыз менен кайрылышкан. Жалпысынан 181 арыз түшкөн.