Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы кызуу уланууда

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы кызуу уланууда.   Кечээки Англия-Иран курамаларынын беттеши голдорго бай болуп, 6:2 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду Беллингем, Сетрлинг, Рашфорд, Грилиш киргизсе, Сака менен Мехди Тареми жеке эсептерине дубль жаздырды.   Кийинки жолугушууда жеңиш Нидерланды тарапта болуп, 2 жоопсуз топту атаандаштын дарбазасына… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде турнир ээси Катар Эквадор курамасына утулуп калды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде турнир ээси Катар Эквадор курамасына утулуп калды. А тобундагы оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, дубль менен Эннер Валенсия өзгөчөлөндү.   Дагы бир голду калыстар тобу оффсайт үчүн жокко чыгарды. Бүгүн кечки саат 7де Англия-Иран, түнкү 10до Сенегал-Нидерланды жана түнкү саат… Кененирээк…

Катарда стадиондордо сыра сатууга тыюу салынды

Катар бийлиги Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан стадиондордо сыра сатууга тыюу салды. Бул тууралуу ФИФАнын сайтында жазылган. Федерация менен Катар бийлигинин сүйлөшүүсүнөн кийин сыраны фан-зоналарда жана башка лицензияланган аянттарда гана сатуу чечимине келишкен. Федерациянын сыра өндүрүүчү бренддер менен миллиондогон долларлык келишимдери бар. Айрым маалыматтар боюнча сыра… Кененирээк…

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алды

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ачылыш аземи Эль-Хаур шаарындагы “Эль-Байт” стадионунда өттү.   Алгачкы болуп Катардын эмири сүйлөдү, салтанатка актер Морган Фримен, BTS группасынын солисти Чон Чонгук жана катардык ырчы Фахад Аль-Кубаиси катышып, Dreamers чыгармасын аткарышты.   Биринчи оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгып,… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял реферилер калыстык кылат

Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык кылат. Көптөр күткөн спорттук иш-чаранын ачылышы 20-ноябрда өтөт. Башкы арбитрлердин арасына франциялык Стефани Фраппар, руандалык Салима Мукансанга жана жапониялык Йошими Ямашита бар. Алардын жардамчылары да аялдар болот.   Катар мындай масштабдагы чемпионат өткөрүп жаткан… Кененирээк…

Ушул жумада чоң футбол майрамы башталат — дүйнө чемпионаты

Ушул жумада чоң футбол майрамы башталат — дүйнө чемпионаты.  Мундиаль биринчи ирет араб өлкөсүндө – Катарда өтөт. Биринчилик 3 күндөн кийин,  20-ноябрда Катар-Эквадор курамаларынын беттеши менен старт алат.   Ал эми финалдык оюн 18-декабрга белгиленди. Дал ошол күнү Дүйнөнүн футбол боюнча жаңы чемпиону аныкталат. Чемпионаттын… Кененирээк…

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Оюнчунун агенти билдиргендей, футболчу тизесине операциядан кийин калыбына келиши керек.   Погба Франция курамасы үчүн 9 жылдан бери ойноп келет. Команданын курамында ал 2018-жылы дүйнө чемпионатын, Улуттар лигасын утуп, Европа чемпионатынын күмүш медалчысы… Кененирээк…

ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде

ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде. Уюмдан билдиришкендей, чечим кабыл алынса, турнир 21-ноябрда эмес, 20-ноябрда старт алат. Муну менен алгачкы ачуучу беттеш 20-ноябрда, жекшембиде өтөт.   Анда Катар-Эквадор курамалары ойнойт. Эске салсак, мундиаль биринчи жолу араб  өлкөсү – Катарда өтөт.   Аталган өлкөдө күн ысык… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Рейтерс билдиргендей, күйөрмандар сырттан сыра ичип келсе болот, бирок стадиондордо алкоголдук суусундуктар сатылбайт.   Эске салсак, Катарда коомдук жайларда спирт ичимдиктерине мыйзам түрүндө тыюу салынат. Өлкөгө аны импорттоого дагы болбойт. Дүйнө чемпионаты араб мамлекетинде 21-ноябрда башталып,… Кененирээк…

Катар бийлиги футбол чемпионатына билеттерди алып сатарларга карата жарым миллиондук айып киргизди

Катар бийлиги футбол чемпионатына билеттерди алып сатарларга карата жарым миллиондук айып киргизди. Билеттерди мыйзамсыз саткандардын бардыгы 1 жылга эркинен ажыратылып, 500 миң катар риалын же 130 миң АКШ долларын төлөйт.   Футбол беттештерине билеттерди бир гана FIFA сата алат. Андан тышкары, Катар ФИФАнын уруксаты жок… Кененирээк…