Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда суу берүү убактылуу өчүрүлдү.
Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу түтүгү жарылгандыктан оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 12:30дан 16:00гө чейин шаардын Спутник, Көк-Арт кичи райондорунда суу берүү убактылуу токтотулду.
Учурда «Жалал-Абад сууканал» башкармалыгынын жумушчулар жеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.