ККМ колдонууга каршы соодагерлер Караколдо да акцияга чыгышты

1-декабрда Каракол шаарындагы “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек+”, “Бугу” жана “Макиш” базарларынын соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарларда азыркыдай эле патент системасын калтыруу талабы жазылган катты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдошту.

 

Бул күнү ушундай эле талап менен Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер мэриянын алдына, Таластагы ишкерлер Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдына митингге чогулушту.

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да ККМге каршы чыгып, иш таштады.

29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдында акция өткөрүшкөн. Бул окуядан кийин Салык кызматы “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары ККМ колдонуудан бошотула турганын билдирген.

30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери митингге чыгып, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

 

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.