Эртең Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн облустук, райондук борборлорунда сирена жаңырат

Эртең Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн облустук, райондук борборлорунда сирена жаңырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, окуу иш-чарасы “Каргашалар коркунучун төмөндөтүү күнүнө” карата ишке ашат. Эртең мененки саат 10до сирена Бишкекте жаңырат.

 

Андан кийин жалпы сигнал берүү системасы Ошто иштетилет, андан кийин облустук, райондук борборлордо. Жарандарга сиренадан чоочубай, ызы-чуу жаратпоо сунушталат.