Канада тургуну дүйнөдөгү эң ачуу 50 калемпирди 7 мүнөттө жеди

Канада тургуну дүйнөдөгү эң ачуу 50 калемпирди 7 мүнөттө жеди. Бул жыйынтыгы менен ал Гиннес Рекорддор китебине катталды. Жалпысынан эркек                       135 калемпирди жеген.

 

Каролина Рипер сортундагы калемпир дүйнөдөгү эң ачуу деп табылып, аны күйүп турган отту оозго салуу менен салыштырып келишет. Рекордчунун айтымында, ал бул рекордду орнотуу үчүн көп жылдардан бери ачуу жеп машыккан.