Россия ноябрда Кыргызстан үчүн тик учак чыгарышы мүмкүн

Күз айларында Россиядан Кыргызстанга тик учак берилиши мүмкүн. Ал тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыкталган. Бул тууралуу журналисттерге РФ президенттик администрациянын Аймактар аралык жана маданий байланыш боюнча башкармалыктын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.
Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү машина берилгенин айтып, бирок бул эки өлкөнүн президенттеринин чечими менен аткарылып жаткан программанын бир гана бөлүгү экенин белгиледи.
«Күз айларында куткаруучу тик учак берилиши мүмкүн. ӨКМ линиясына байланыштуу бул программа 20 миллион доллардай турат», — деди Маслов.
Анын айтымында, тик учак болжол боюнча ноябрь айында жасалып бүтөт.
«Жаңылышпасам МИ-8 базасында болот. Ал атайын тоолуу шарттарда иштей тургандай жасалып жатат», — деди ал.
Маслов тик учак өтө бийик жерлерде куткаруу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталарын белгиледи.