Кечээ, 2-декабрда Бишкекте ушул айдагы эң жылуу күн болуп, рекорд коюлду.
“Аба-ырайы жана климат” сайтынын маалыматы боюнча, ордо калаада абанын
табы +23,7 градуска чейин көтөрүлдү. Бул нормадан 10,3 градуска жогору.
Эске салсак, буга чейин декабрдагы эң жылуу күн боюнча 1971-жылкы рекорд эсептелчү.
Анда 15-числодо ордо калаа Фрунзе деп аталып турганда +23,3 градуска жеткен