Коммерциялык банктарга сыртка АКШ долларын алып чыгууга убактылуу уруксат берилди. Тиешелүү документ Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Ага ылайык, коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайлары, микрокаржылык уюмдар 15-сентябрга чейин долларды накталай алып чыкса болот.
Чыгарылган накталай акча өлкөдөгү коммерциялык банктардын эсебине нак эмес түрдө кайтарылышы шарт.
Эске салсак, 11-марттан тарта накталай доллар чыгарууга тыюу салынган. Ал эми жыл башынан тартып чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандыктарга 10 миң доллардан ашык алып чыгууга тыюу салынды.