Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат иштеп баштады

Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. “Автоураган” программалык стационардык аппараты туристтик сезондо жол кырсыктарын алдын алууга жана коопсуздукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Комплекс издөөдө жүргөн унааларды, айыптарды төлөбөй жүргөндөрдү, каттоосу токтотулган унааларды аныктай алат. Ошондой эле башка жол эрежесин бузуу фактылары каттоого алынат. Кошумчаласак, ушундай эле аппарат 25-июнда “Сосновка” постунда ишке кирди.