Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында 3-июлда жарык өчөт

Борбор калаанын бир катар аймактарында 3-июль күнү жарык өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-17:00 — Ала-Тоо-1 жана Киргизия конуштарында;

9:30-15:00 — Салам-Алик, Эркин-Сай (Манас көчөсүндөгү № 112-126 үйлөр, Көк-Сай көчөсү) конуштарында;

9:30-18:00 — 5-кичи райондо (№ 43-46, 53, 55, 56 үйлөрдө);

9:30-18:30 — Сеченов, Маяков, Баку, Щербаков, Тыныстанов, Элебесов, Щусев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Эркиндик проспектисинде, Магаданская жана Васильев көчөлөрүндө;

13:00-18:00 — Жеңиш конушунда.