Баткенде бир чек арачы каза таап, экинчиси жаракат алды

Баткен облусунун Паскы-Арык айылында бир чек арачы каза таап, экинчиси жаракат алды. Бул туурасында УКМКга караштуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта ок кокусунан чыкканы айтылууда. Окуя кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан аймакта болгон.

 

 

«Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири куралын этиятсыздык менен колдонуусунун кесепетинен Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Экинчиси жаракат алган», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта Баткен чек ара бөлүгүнүн командачылыгы окуя болгон жерге барып аталган фактыны териштирип жатат.