Кыргызстанда ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээли 42 пайызды түзөт

Кыргызстанда Ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыздын деңгээли 42 пайызды түзөт.

 

Бул туруктуу көрсөткүч деп белгиледи Каржы министринин орун басары Руслан Татиков:

“Бардык өнүккөн мамлекеттерде жана эл аралык теорияда тышкы карыздын көлөмү экономикага же болбосо ИДПга карата салыштырабыз. Азыр биздин тышкы карыздын суммасы ИДПга карата катышы 42 пайызды түзөт. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөк, мисалы, Япониянын ИДПга карата тышкы карызы 260 пайызды түзөт, ал эми АКШнын тышкы карызы ички дүң продукцияга карата 160 пайыздан өйдө”.

 

Чиновник белгилегендей, тышкы карызды төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.