Ушул жылдын 1-октябрынан тарта бардык пенсиялар 6 миң 800 сомдон кем эмес болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчы ишендиргендей, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат.
Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Учурда өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 9 миң 300 сомду түзөт.