Өлкөдө жайыттарды байытуу боюнча иштер жүрүүдө

Өлкөдө жайыттарды байытуу боюнча иштер жүрүүдө. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл министрлер кабинети жайыттардын абалын жакшыртууга 30 миллион сом бөлүүнү чечти.

 

Каражат ошондой эле комитеттерди жана үрөн чарбачылыктарын жакшыртууга багытталат.

 

Сентябрда баалуу тоют уруктарын сатып алууга 12,5 миллион сом кошумча жумшалды. Ведомстводон белгилешкендей, өлкө жайыттарында эгемендүүлүк алынгандан бери мындай ири иш-чаралар жасалган эмес.