Сомдун курсу жогорулаганы байкалды

Кыргызстанда доллар, евро, рубль, тенгенин сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды. Улуттук банктын 23-майга карата расмий курсуна ылайык, бир доллар 88,02 сом.

 

Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары долларды 88,15 сомдон сатып алып, 88,55-88,65 сомдон сатышууда.

 

Евро бүгүнкү күндө 95-95,3 сомдон сатып алынып, 95,9-96 сомдон сатылууда. Расмий курс — 95,494 сом (0,31 пайызга төмөндөгөн).

Орус рубли да бир суткада арзандаганы байкалды. Бүгүн рубль 0,97-0,972 сомдон сатып алынып, 0,985 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу-0,9749 сом (0,92 пайызга төмөндөгөн).

 

Казак теңгесин 0,1395-0,14 сомдон сатып алып, 0,2 сомдон сатышууда. Расмий курс-0,1993 сом (0,1 пайызга төмөндөгөн).

Улуттук банк 21-майда валюта базарынан 31 млн 500 миң доллар сатып алды. Жыл башынан бери 7-ирет валюта базарынан доллар сатып алынып, жалпы 122 миллион 800 миң доллар алынды.