“Камбар-Ата — 1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери быйыл аяктайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Учурга карата станциянын аймагына кире турган жолдун дээрлик 3 чакырымы даярдалып, бетон төшөлдү, туннелдин бир тарабынан 64 метр, экинчи жагынан 5 метр казылып бүттү.
Андан тышкары электр жарыгын тартуу, Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба куруу, көпүрө жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь куруу иштери жүрүп жатат.