Ошто газ өчүрүлдү. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, чектөөлөр 1987-жылы орнотулган жабдууларды жаңыртуу иштерине байланыштуу. Жылуулук сезонунда аварияларды алдын алуу үчүн жумуштарды жайында аткаруу керек.
Көгүлтүр от бүгүнкү күндө Кара-Суу районунда дагы өчүрүлдү. Кайра калыбына келтирүү иштери кечке чейин созулат.