Асман шаарынын курулушу кийинки айда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүрдү.
Эске салсак, бийлик 2021-жылы Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курууну демилгелеген. Былтыр жайында бул шаарды куруу аземи башталып, бирок капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.