Санариптештирүүнүн алкагында Кыргызстанда 255 жумуш орду түзүлдү

Санариптештирүүнүн алкагында Кыргызстанда 255 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

 

Маалыматка караганда, аймактарда жаштар үчүн сынактар уюштурулуп, анын жыйынтыгында 10 санариптик стартап долбоору каржылык колдоо алган. Натыйжада 255 жумушчу орун пайда болду. Эске салсак, бүгүнкү күндө иш издеп жүргөн 96 миң жаран эмгек рыногунун маалыматтык системасынын каттоосунда турат.