Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот

Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, ордо калаада түнкүсүн 22…24, күндүз 37 градуска чейин ысыйт.   Жаан-чачын келерки айдын 10уна чейин дээрлик күтүлбөйт.   Эске салсак, метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде Бишкек шаарында эң жогорку температура 2012-жылы 22-августта белгиленген, анда аба табы дээрлик… Кененирээк…

Июль айынын биринчи жумасы планетагы байкоолор тарыхында эң ысык болду

Быйыл июль айынын биринчи жумасы планетагы байкоолор тарыхында эң ысык апта болду. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму билдирди.   Климаттык мониторинг департаментинин адистеринин айтымында, деңиз бетиндеги температура жогорку деңгээлге жеткен. Ысык аба ырайы климаттык системанын ар кайсы бөлүктөрүндө болду.   Түндүк Атлантикада жылуулук климаттык… Кененирээк…

Кыргызстанда абанын табы 41 градуска жетет

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулайт.   Синоптиктердин маалыматына караганда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунда 34…39°ка чейин ысык болушу күтүлөт.   Мындай учурда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө… Кененирээк…

Бүгүнтөн баштап Бишкекке чыныгы жай келди

Бүгүнтөн баштап Бишкекке чыныгы жай келди. Синоптиктердин маалыматына караганда, 3-июндан тарта термометрлер күндүз плюс 30 градус, түнкүсүн 20 градустан жогору көтөрүлөт.   Дем алыш күндөрү шаар аздыр-көптүр ыңгайлуу болуп, дүйшөмбүдөн тарта күн кескин ысыйт. Ал эми бейшемби, 8-июнь күнү метеорологдор кургак шамал болуп, шаарда 38…39… Кененирээк…

Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти

Жайдын биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык,  өлкөнүн түндүк аймагында күндүз температура +36 градуска чейин ысыйт, ал эми түнкүсүн 12 градустан төмөн түшпөйт.   Түштүк облустарда аба табы дээрлик 40 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +24 градустун тегерегинде болот.  … Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, 6-майга чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында -2…-4 градуска чейин үшүк жүрөт.   Аба-ырайынын мындай шарттары жазгы айдоо иштерине, мал жаюуга жана транспорттун ишине тоскоолдук жаратат.

Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат

Алыдады эс алуу күндөрү Бишкекте жылуу жана жагымдуу аба-ырайы турукташат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаада аба табы 26 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын күтүлбөйт.   Эртең асманды ала булут каптап, кечкисин кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Бирок температура +23 градусту көрсөтүп, жылуу болот. Биринчи майда… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең республиканын басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөйт.   Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Аба  табы дагы төмөндөп, салкын болот.

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, бул айда республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болот.   Өлкөнүн түндүк аймактарында абанын минималдуу температурасы түнкүсүн 4…6 градус жылуу болсо, күндүз кээ бир күндөрү 28 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түштүктө аба… Кененирээк…

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 1-апрелден 3-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 3 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы бүчүр байлап калган бак-дарактар ​​үчүн кооптуу.