Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең республиканын басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөйт.   Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт. Аба  табы дагы төмөндөп, салкын болот.

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот

Апрель айы Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачындуу болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, бул айда республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы нормадан 2 градуска жогору болот.   Өлкөнүн түндүк аймактарында абанын минималдуу температурасы түнкүсүн 4…6 градус жылуу болсо, күндүз кээ бир күндөрү 28 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түштүктө аба… Кененирээк…

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертүү беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 1-апрелден 3-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 3 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы бүчүр байлап калган бак-дарактар ​​үчүн кооптуу.

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы 20-мартка чейин сакталат

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы 20-мартка чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, күн сайын аба табы төмөндөп турат. Эс алуу күндөрү дагы суук сакталат.   Чүй, Талас облустарында бүгүн жана эртең кечке чейин жаан жаайт. Ал эми Нарын, Ысык-Көл облустарында ишемби, жекшембиде кар жаашы мүмкүн. Өрөөндүү аймактарда… Кененирээк…

Бишкекке жаз жылнаама менен тең келет

Бишкекке жаз жылнаама менен тең келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүрсүгүнү – 1-мартта күн кадимкидей жылуу болуп баштайт. Бүгүн жана эртең ордо калаада аба табы +7 градусту көрсөтсө, түнкүсүн бир аз суук болот.   Ал эми жаздын алгачкы күнү 1-марттан тарта термометр мамычаларынын көрсөткүчү кескин көтөрүлөт.… Кененирээк…

Бишкекте февралдын калган бөлүгүндө аба-ырайы климаттык нормада болот

Бишкекте февралдын калган бөлүгүндө аба-ырайы климаттык нормада болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, түнкүсүн + белгиси менен температура жакынкы арада күтүлбөйт.   Ал эми күндүзгү аба табы +2…+7 градустун тегерегинде болот. Алдыдагы апта ичинде асманды ала булут каптаганы менен жаан-чачын болбойт. Бирок жума күндөн тарта аба-ырайы бузулат… Кененирээк…

Чүй жана Таласта аба ырайынын начарлай турганы болжолдонууда

Синоптиктер Чүй жана Талас облустарында аба ырайынын начарлай турганын болжолдошууда. Бүгүн кечке жуук баштала турган кар эртең таңга чейин жаашы күтүлөт. Жолдун айрым тилкелеринде муз тоңушу мүмкүн. Мындан улам, айдоочулар унааны жай айдап, трассаларда этият болушу керек.

Кыргызстанда ызгардуу суук болжол менен дагы беш күнгө созулат

Кыргызстанда ызгардуу суук болжол менен дагы беш күнгө созулат. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулашы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте бүгүн түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Ордо калаадагы арктикалык суук туура бир жума кармалат

Ордо калаадагы арктикалык суук туура бир жума кармалат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн башталган кар эртең кечкиге чейин дээрлик токтобой  жаайт.   Андан кийин жаан-чачын күтүлбөйт, бирок катуу суук болот. Бүгүн шаарда нөл градустун тегерегинде болсо, эртең -10, бейшембиде -17 градус болушу күтүлүүдө. Бул күндүзгү аба… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38 градуска түшүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38 градуска түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-10чу жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына… Кененирээк…