Ош-Исфана-Бишкек авиакаттамы калыбына келтирилди

18-январдан тартып Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы ишке ашырарын «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты. Авиакомпания ар аптанын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт. Бишкектен учуп кетүү — 11:00. Исфанага учуп келүү — 12:15. Исфанадан… Кененирээк…

Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамы 18-январдан тарта жанданат

Бишкек-Исфана-Бишкек аба каттамы 18-январдан тарта жанданат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учактар жумасына бир ирет дүйшөмбү күндөрү учат.   Эске салсак, каттам 2019-жылы Исфана аэропортунда оңдоо иштерине байланыштуу токтотулган болчу. Кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, учактар токтогон жер кеңейтилди.

Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Исфана шаарынын аэропортуна Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Эске салсак, «Исфана» аэропорту жетимишинчи жылдары курулуп, колдонууга берилген.   Бирок көп өтпөй техникалык маселелерге байланыштуу жабылып калып, өткөн жылы анда модернизациялоо иштери башталган.

Исфананын жаңыланган аэропорту бүгүн ачылып, колдонууга берилет

Исфананын жаңыланган аэропорту бүгүн ачылып, колдонууга берилет. Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ички каттамдарга ылайыкташкан “Исфана” аба бекетин кайра калыбына келтирүү иштери өткөн жылы башталган.   Жалпы аянты 553 чарчы метрди түзгөн жаңы аэробекет курулду. Анда жүргүнчүлөрдү каттоочу орундар, текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы жана эне-бала бөлмөсү… Кененирээк…

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн учууга камынган аба кемеси терминалга кайтууга аргасыз болду

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар үчүн учууга камынган аба кемеси терминалга кайтууга аргасыз болду. Мекендештер учакта орун талашып мушташа кетти. Тартип бузуучулар каттамдан четтетилип, учак бир сааттан кийин гана асманга көтөрүлдү.   Бортто 145 жүргүнчү бар болчу. Абалды чечүү үчүн тартип сакчылар тартылды.

Кыргызстандан Россияга аба каттамдардын санын көбөйтүү эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды

Кыргызстандан Россияга аба каттамдардын санын көбөйтүү эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.   Анын айтымында, мамлекеттер ортосунда бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эске салсак,  24-сентябрдан тарта эки авиакомпания Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттамдарды жандантты. Учактар жумасына… Кененирээк…

Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат

Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү штабдан РИА Новостиге билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларуска учактар каттап баштайт.   Алгач каттамдар жумасына бир ирет аткарылмай болду. Эске салсак, мартта пандемияга байланыштуу ички жана эл аралык аба… Кененирээк…

Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү

Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү. Бирок биздин өкмөт азырынча бул суроону кароого даяр эмес. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстанда дагы, Өзбекстанда дагы коронавирус менен абал дагы эле кооптуу.   Бирок ага карабай, биздин өлкө Россия, Казакстан… Кененирээк…

Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек

Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей,  1-августтан тартып учак каттамын жандантуу сунушу июлда жөнөтүлгөн.   Россия өкмөтүнөн абалды талдагандан кийин жооп бере турганын билдиришкен. Пандемияга байланыштуу мартан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон.… Кененирээк…

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы эми жума сайын аткарылып турат. Биздин өлкөнүн Дубайдагы башкы консулдугунан билдиришкендей, алгачкы учактар 14-21-28-августка белгиленди.   Алар менен кыргызстандыктар, Кыргызстан жарандарына жакын тууган болгон чет элдиктер, эмгек визасы бар чет элдиктер, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, элчиликтин кызматкерлери уча алат. Жүргүнчүлөр аэропортто COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшырып… Кененирээк…