Жалал-Абадда эки абактын имараты бузулуп, ордуна эс алуу жайлар курулат

Жалал-Абадда эки абактын имараты бузулуп, ордуна эс алуу жайлар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.   Кеп Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагы, Кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальонунун имараттары тууралуу болуп жатат. Түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил… Кененирээк…

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Монуев көчөсүн “Кыргыз көчү” аркасынан Масалиев проспектисине чейинки бөлүгүн реконструкциялоо жана Монуев, Шакиров, Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде транспорттук түйүн куруу пландалууда.   Учурда калк арасында түшүндүрүү, тоскоолдук жараткан объектилерди түрттүрүү иштери жүрүп… Кененирээк…

Сүлүктүдө маданий IT борбордун курулушуна капсула салынды

Сүлүктүдө маданий IT борбордун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Мында электрондук китепкана, балдар искусство мектеби, тарых музейи, ошондой эле административдик жайлар болот.   Долбоордун наркы 50 миллион сомдон ашты.

Азербайжандан инвесторлор Ысык-Көл жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана курууну пландап жатат

Азербайжандан инвесторлор Ысык-Көл жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана курууну пландап жатат. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жана Азербайжан өкмөттөрү ортосундагы макулдашуу ратификациясы жөнүндө мыйзамга кол койду.   Тышкы иштер министрлиги азербайжандык тарапты Кыргызстан ички мамлекеттик процедураларды аткарганын билдирүү тапшырмасы берилди.   Долбоор качан ишке ашырылып баштайт жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакча пайда болот.   Курулушка тендерди аймактык курулуш жана инфраструктура башкармалыгы жарыялады. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Түр районунда жайгашып, 275 орунга чакталат.   Курулушка 200 миллион сомдон ашык каралды.

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.   Анын айтымына караганда, учурда долбоорду иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Бирок борбор өлкөнүн кайсы аймагына салынарын ачыктаган жок.    

Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет

Кыргызстанда ушул айда 16 мектеп жана 2 бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен быйыл өлкөдө 100 мектептин курулушу пландалган.   Алардын 84ү жыйынтыкталды, дагы 16 мектепте курулуш… Кененирээк…

Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт

Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, учурда курулушка лицензия берүү убактылуу токтотулду. Эми акчасы, техникасы бар, чыныгы курулуш компаниялары гана лицензия ала турган тартип киргизилет.  … Кененирээк…

Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады

Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Көк-Токой айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 275 окуучуга чакталат.   Шеркулов атындагы мектептин курулушу  2015-жылы башталган. Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрге жетет.

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, Керме-Тоо айылында жайгашкан Насыров атындагы мектеп 225 окуучуга чакталат.   Окуу корпусу балдарды кабыл алууга даяр. Ошондой эле мектепте спорт зал, өтмөк галерея, медициналык пункт, откана каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…