Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, Керме-Тоо айылында жайгашкан Насыров атындагы мектеп 225 окуучуга чакталат.   Окуу корпусу балдарды кабыл алууга даяр. Ошондой эле мектепте спорт зал, өтмөк галерея, медициналык пункт, откана каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

Талас облусунун Айтматов районунда 8 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди

Талас облусунун Айтматов районунда 8 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Ак-Жар айылындагы билим берүү имаратынын курулушу 2015-жылы башталган.   Мектеп 225 окуучуга чакталат. Жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзгөн имараттын курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. билим берүү мекемесин курууга 457,5 миллион сом жумшалат.   Аткаруучу компаниялардан арыздар 15-декабрга чейин кабыл алынат.

Ысык-Көл облусунда мектептердин курулушу уланууда

Ысык-Көл облусунда мектептердин курулушу уланууда.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 7 объект колдонууга берилди.   Дагы 5 жалпы билим берүү мекемесинин курулушу 15-декабрга чейин аяктайт деп пландалууда. Аткаруучу компанияларга жумуштарды белгиленген убакытка чейин жыйынтыктоо жана курулуш материалдарынын сапатына көңүл бөлүү… Кененирээк…

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда. Бул президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады. Сыдык Айтматов атындагы орто мектеп шаардын Базар-Башы кварталында жайгашкан.   Аны курууга республикалык бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн. Учурда курулуш 40 пайызга аяктады. Билим берүү мекемесин пайдаланууга 2024-жылы берүү пландалууда. Аталган мектептин эски… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды. Облус администрациясынын маалыматына ылайык, окуу имараты 375 окуучуга чакталат. Курулушка каражат Сауд Арабия өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.   Эл аралык донор долбоорду ишке ашырууга 1 миллион 200 миң доллар багыттады.

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу президенттин облус аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Имарат 275 окуучуга чакталып, Кара-Тоо айылында жайгашат.   Социалдык объект жыл аягына чейин курулуп бүтөт деп пландалууда. Учурда объекттеги иштер дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Курулушка 65 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Нарында жаңы мектеп пайда болот

Нарында жаңы мектеп пайда болот. Курулушка тендерди Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Имарат 375 окуучуга чакталат.   Долбоорду ишке ашырууга 160 миллион сом багытталат деп пландалууда.

Кара-Кулжада 150 окуучуга ылайыкталган мектеп ачылды

Кара-Кулжада 150 окуучуга ылайыкталган мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Тегерек-Саз айылындагы мекеменин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан турат.   Белгиленгендей, ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп курулду. Жыл аягына чейин аякташы керек болгон… Кененирээк…