Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Катуу шамал учурунда унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо керек, электр чубалгылары турган жерден алыс болуу зарыл жана көз айнек тагынуу шарт.