“Ош” аба майданындагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт

“Ош” аба майданындагы суу каптоону иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзүлөт.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-майда катуу жааган жаандан жана мөндүрдөн улам “Ош” аба майданынын күтүү залындагы шыбы урап түшкөн.

Ал учурда залда бир топ киши болгон.

Абал кечки саат 8ге карата жоюлган.

Белгилеп кетсек, аталган аэропорттун имараты 1974-жылы курулган.

Ал эми шыбы түшкөн кошумча имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сомго салынган.