Жерди өзү билемдик менен көбөйтүп алган үй ээлери менен ижара келишимин түзүү пландалууда

Бишкекте муниципалдык жердин эсебинен жер тилкелерин өзү билемдик менен көбөйтүп алган үй ээлери менен ижара келишимин түзүү пландалууда.

Мэриянын маалыматына караганда, эксперттик кеңештин мүчөлөрү жер пайдалануу маселесин талкуулашты.

Адистер маселени жөнгө салуунун жолдорун издешүүдө.

Белгилеп кетсек, буга чейин мэрияда эксперттик кеңеш түзүлүп, анын курамына ар кыл тармактын адистери кирген.

Кеңеш ордо калааны өнүктүрүү боюнча эксперттик корутунду иштеп чыгат.