Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы Кыргызстанга жакынкы күндөрү келет

Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы Кыргызстанга жакынкы күндөрү келет.

Бул тууралуу Novost.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 100 миңден ашуун дозанын келиши күтүлүүдө.

Кошумчаласак, Модерна вакцинасы ушул айда жеткирилет.

Белгиленгендей, эки препарат тең өлкөгө COVAX механизми менен жеткирилет.