Кыргызстан быйыл сырттан  дээрлик 743 миллион доллар жардам алат

Кыргызстан быйыл сырттан  дээрлик 743 миллион доллар жардам алат. Каржы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдиргендей, ушул күнгө чейин сумманын 330 миллион доллары келип түштү.   Калган 409 миллион доллар жыл аягына чейин келет деп күтүлүүдө. Сырттан алынган жардамдын төрттөн бир бөлүгү кайтарымсыз негизде… Кененирээк…

Бүгүн Айя-София мечитинде алгачкы жолу жума намазы окулат

Бүгүн, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София музейи кайрадан мечит болуп өзгөртүлгөндөн кийин алгачкы жолу жума намазы окулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.   Жазылган маалыматка ылайык, 86 жылдан кийин Айя-София мечитинде алгачкы ирет жума намазы окулат.   «Пандемияга байланыштуу чектелүү адамдардын катышуусунда жума намазы… Кененирээк…

Кол алышып учурашуудан толугу менен баш тартуу сунушталат

Кол алышып учурашуудан толугу менен баш тартуу сунушталат. Мындай тартипке гигиена боюнча Лондон мектебинин микробиологу Бэрон Пиот чакырууда. Анын айтымында, салтка айланып калган кол алышып учурашууну япондордукундай саламдашууга алмаштыруу керек. Мындан тышкары респиратордук вирус инфекциялары убагында бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо коомдо адатка айланып… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын саны 6,5 миллиондон ашты

Кыргызстан калкынын саны 6,5 миллиондон ашты. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, туруктуу жашаган жарандардын саны ушул жылдын май айына чейин 0,6 пайызга же 40 миңге көбөйдү. 1-июлга карата туруктуу калктын саны 6 миллион 564 миң адамга жетти,  — дешти комитеттен.

Эң популярдуу соцтармактар аталды

Эң популярдуу соцтармактар аталды. Быйылкы жылга карата отчетту Hootsuite басылмасы түздү. Популярдуу платформа арасында биринчи орунда Facebook 2 миллиард 400 миллион адам менен турат. Экинчиде YouTube колдонуучуларынын саны 2 миллиарддан көбүрөөк, андан кийин 1 миллиард 600 миллион менен WhatsApp жайгашат. Бирок катталуучулардын саны тез арада… Кененирээк…

Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга чейин айыл эли өз алдынча каражат топтоп, көпүрө куруп келишкен. Бирок сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам көпүрөнү сел алып кетчү. Эми аймактын маселеси чечилди. Беш-Буркан айылынын тургундары көпүрөдөн  коопсуз өтө алышат.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 1 миң 247 адам айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 1 миң 247 адам айыкты. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, айыгып чыккандардын көбү Бишкекке туура келет. Андан кийин Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустары жайгашат. Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө боюнча COVID-19 илдетинен айыгып чыккан адамдардын саны 18 миң… Кененирээк…

Соцтармак колдонуучулары планета калкы санынын жарымынан ашты

Соцтармак колдонуучулары планета калкы санынын жарымынан ашты. Америкалык басылма түзгөн отчетко караганда, июль айында соцтармактын аудиториясы 3 миллиард 800 миллионду түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 9 пайызга жогорулады. Адистер белгилешкендей, жыл көрсөткүчүн түзүүдө соцтармактардын көбү 13 жашка чейинкилерге катталууга тыюу салынганы эске алынды.

Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды

Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, алардын бири Южный кичи районундагы медреседе жайгашса, экинчиси Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залында пайда болду. Убактылуу медицина мекемелеринде 80 орундук даярдалды. Күндүзгү стационарлар бүгүнтөн тартып иштеп баштады. Стационарларга жабдуулар коронавируска каршы… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча чогултулган айып тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча чогултулган айып тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна берди. Жакынкы арада аккумуляцияланган 145 миллион сом боюнча тиешелүү документтер толтурулушу керек. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тиешелүү даярдыктар башталды.