Бишкекте ЕАЭБ президенттеринин саммити өтөт

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Белгилүү болгондой, быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

 

Россиялык журналисттер саммитке орус президент Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазып жатышат.

Саммиттин күн тартиби жана катышуучулары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Россия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.

 

Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

Айрым саясат талдоочулар ЕАЭБ Россиянын аймактагы геосаясий кызыкчылыгын коргоо максатында гана түзүлгөн уюм деп атап келишет. Кыргыз парламентинде андан чыгуу сунуштары бир нече жолу айтылган.