Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды.
Тийиштүү буйрукка Маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Ага ылайык, аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенген Айгүл Мамбетказиева директор статусун алды.
Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале өткөнүнө байланыштуу мурунку директор Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.