Ички иштер министрлиги иштин күчөтүлгөн режимине өттү.
Бул тууралуу novosti.kgге ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык,
жергиликтүү шайлоого жана жалпы элдик референдумга карата республика боюнча
саптык кароо өткөрүлдү. 11-апрелде добуш берүү күнү, коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык
милиция кызматкерлери камсыздайт. 4 миң кызматкер өлкөдөгү шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлөт.
Андан тышкары, орган кызматкерлери аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун дагы камсыздайт.
Ошондой эле 6 миң элдик кошуундун мүчөлөрү ички иштер органдарынын кызматкерлерине жардам берет