АКШда Россиядан мунай импортуна тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды

Бул мыйзам долбоорунда Россия менен “нормалдуу соода мамилесин” токтотуу дагы каралган.

 

“Россия украиналыктарга чабуулун улантып жаткан учурда биз Россиянын энергетикалык өндүрүмүнүн импортуна жана Россия , Беларус менен нормалдуу соода мамилесин мыйзам жолу менен токтотууну сүйлөштүк”, — деп айтылат мыйзам чыгаруучулардын билдирүүсүндө.

 

Мыйзам долбоорун Конгресстеги республикачыл жана демократиялык партиянын лидерлери колдойт. Мыйзам долбоору жакын арада каралаары күтүлүүдө жана колдоо тапса кол коюу үчүн президент Жо Байденге жөнөтүлөт. Президент АКШда күйүүчү майдын кымбаттап кетишинен чочулап, бул боюнча пикирин билдире элек. Өлкөдө колдонулган нефтинин 7% Россиядан импорттолот. Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Тони Блинкен Ак үй орусиялык мунай импортуна тыюу салуу мүмкүндүгү каралып жатканын билдирген.

Россия жана Беларус менен “нормалдуу соода мамилеси” макамы токтотулган учурда бул өлкөнүн товарларына бажы төлөмү 30% өсөт. Учурда төлөм 3% түзөт. АКШга Россиядан негизинен мунай, металл импорттолот. Мындай чаралар Россиянын Украинага басып киришине жооп катары көрүлүүдө.