Кыргызстандын 6 мектебинде кесипке багыт берүүчү сабактар өтүлө баштады

Кыргызстандын 6 мектебинде кесипке багыт берүүчү сабактар өтүлө баштады. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жумушчу долбоорго Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы 8 мектеп кошулду. Предметтер жогорку класстардын окуучуларына тиешелүү. Бүтүрүүчүлөргө иш менен камсыз кылуу кызматтары жана иш берүүчүлөр жардам беришет. Белгилеп кетсек, аталган долбоор… Кененирээк…

Кыргызстанда “Китеп” борбору пайда болот

Кыргызстанда “Китеп” борбору пайда болот. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей,  ал жергиликтүү басмаканалардын ишин жөнгө сала турчу убактылуу мекеме болот.   Анда окуу куралдары талаптарга ылайыктыгына текшерилип турат. Баа илимий жана орфографиялык жактан берилет. Министрликтен ишендиришкендей, борбор сапаттуу адабият чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникулдар 10 күнгө созулат

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникулдар 10 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, окуучулар 23-марттан 30-мартка чейин эс алат.   Окуу процесси 31-мартта жанданат. Белгилеп кетсек, өлкө мектептеринде сабактар 21-марттан тарта эле өткөрүлбөй калат, анткени, бул күнү өлкөдө Нооруз майрамы белгиленет.

«Мектепке электрондук каттоо системасы» менен кабыл алууга 7 миң билдирме түштү

«Электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алууга 7 миңден ашык билдирме түштү. Билим берүү министрлигинин маалыматында, келе жаткан окуу жылында балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо өлкөнүн 6 шаарында ишке ашууда. Ата-энелер, билдирме калтыруу үчүн mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү бөлүмдөрдү толтурушу керек. Каттоо 15-августка чейин… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында окуучулар кесипке багыт берүүчү предметтерди окуп жатышат

Жалал-Абад шаарында окуучулар кесипке багыт берүүчү предметтерди окуп жатышат. Мэриядан билдиришкендей, калаадагы №1 жана №9 мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына ушул окуу жылынан тарта аталган сабак киргизген. Ага мектептерде бекитилген атайын мугалимдер шаардын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте сабак өтүшүүдө. Мында ар бир баланын кызыгуусу… Кененирээк…

1-класска барчу балдарды каттоонун акыркы күнү 15-август

1-класска барчу балдарды каттоонун акыркы күнү 15-август. Ата-эне алгач mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу тиешелүү бөлүмдөрдү толтурат «Статистика» деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги, 1-класска канча квота берилгендиги тууралуу маалыматтар бар. Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска канча орун калганын билсе болот. Кошумчаласак, былтыр Бишкектин мектептери 1-класска… Кененирээк…

Кара-Суу районунда 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Кара-Суу районунда 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Маданият айылындагы 2 кабаттуу мектеп Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып жатат. Билим берүү мекемесинин курулушунун тендердик баасы 891 миң долларды түздү. Жаңы мектеп имараты ушул окуу жылында окуучуларга каалгасын ачып калат.

Мектептерде ата-энелер чогулткан акчаны көзөмөлдөөчү электрондук модуль иштелип чыгат

Мектептерде ата-энелер чогулткан акчаны көзөмөлдөөчү электрондук модуль иштелип чыгат. Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу билдиргендей, ал “Мектепке электрондук кезек” сайтында жайгаштырылып, ата-энелерге жеткиликтүү болот.   Анда мектеп фондуна чогулган акчанын суммасы, ал кайда багытталып жатканы тууралуу жазылып турат. Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстанда… Кененирээк…

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери мамлекеттик тилден сынак тапшырууда

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери мамлекеттик тилден сынак тапшырууда. Бишкектин, Чүй райондорунун орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Сынактын биринчи күнүндө 40 адам катышты. Мындан ары да Министрлик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлине көзөмөл жүргүзүү менен мониторинг жасап… Кененирээк…

Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү

Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги мектептерде окуган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 289га жетти. Бул көрсөткүч былтыркы окуу жылына салыштырмалуу 35 орунга көп. Аталаган класстар ордо калаанын 4 мектебинде иш алып барат. Белгилеп кетсек, инклюзивдик класс… Кененирээк…