Португалия курамасы башкы машыктыруучусун кызматтан кетирди

Португалиянын футбол боюнча курамасы башкы машыктыруучу Фернанду Сантушту кызматтан кетирди. 68 жаштагы адис менен келишим 2024-жылга чейин болчу. Эки тарап аны мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдашты.   Эске салсак, Португалия курамасы дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Марокко футболчуларына 0:1 эсебинде утулуп, турнирден четтеди. Сантуш кураманы    2014-жылдан… Кененирээк…

Марокколук футболчу чемпионаттагы акчасын кайрымдуулука жумшады

Марокколук футболчу чемпионаттагы акчасын кайрымдуулука жумшады. Марокконун футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Хаким Зиеш Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алган акчасын толук кайрымдуулукка багыттады. Футболчу жакыр жашаган мекендештерине жардам катары 325 миң доллар берген. Белгилеп кетсек, Зиеш 2015-жылдан бери улуттук курамада ойногону үчүн акча… Кененирээк…

Катар-2022: мундиалдын жеңүүчүсү өз тарыхында үчүнчү жолу кубокко ээ болот

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү өз тарыхында үчүнчү жолу кубокко ээ болот. 18-декабрь, жекшемби күнү дүйнөнүн эң мыкты футбол командасы аныкталат. Ал үчүн Аргентина менен Франция командалары беттешет. Эки курама тең Дүйнө чемпиондугунда экиден жеңишке ээ – Түштүк Американын командасы 1978 жана 1986-жылдары, ал эми… Кененирээк…

Катар-2022: Финалда Франция менен Аргентина беттешет

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Аргентина беттешет. Оюн 18-декабрда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 9да башталат. Жарым финалда Франция менен Марокконун футболчулары түндө оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктады. Марокко эми үчүнчү орун үчүн Хорватиянын командасы менен оюн… Кененирээк…

Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат

Франция жана Марокко бүгүн дүйнө чемпионатынын финалына чыгуу укугун талашат. Француздар, белгилеп кетсем, азыркы дүйнө чемпиондору. Дидье Дешамдын тарбиялануучулары 60 жылдан бери алкачкы ирет планета биринчилигинде титулун сактай алган курама болоруна 1 кадам калды.   Ал эми Марокко футболчулары тууралуу айта турган болсок, алар –… Кененирээк…

Месси Батистутанын 20 жылдык рекордун жаңылады

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионатында киргизген голдорунун саны боюнча командасында рекорд койду. Хорватия менен беттеште Месси 34-мүнөттө пенальтини ийгиликтүү аткарды. Футболчу үчүн бул анын дүйнөлүк чемпионатка катышкандагы 11-голу болду. Месси бул жыйынтыкка 25 оюндан кийин жетише алды. Муну менен Габриэль Батистутанын 20 жылдан бери… Кененирээк…

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалы болот

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалы болот. Чечүүчү беттеште ойноо укугу үчүн Аргентина менен Хорватиянын командалары күч сынашат. Алардын ортосундагы бул жолугушуу тарыхта алтынчы жолу болуп жатат. Дүйнө чемпиондугунда атаандаштардын жолу эки жолу кесилишкен. 1998-жылы аргентиналыктар тайпалык баскычта 1:0 эсеби менен жупуну жеңишке… Кененирээк…

Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады

Goal порталы Катарда өтүп жаткан чемпионаттын мыкты оюнчуларын атады. Рейтингдин сап башында Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси жайгашты.   Турнирдин 5 беттешинде ал 4 гол киргизип, 2 ийгиликтүү пас берген. Экинчи орунда франциялык команданын фаворити Килиан Мбаппе турат. Ал 5 гол менен жана 1 пас… Кененирээк…

Катар-2022: жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду. Анда төрт курама команда күчүн сынайт. Алар Хорватия менен Аргентина жана Марокко менен Франция. Аргентина — Хорватия оюну 14-декабрда, Марокко — Франция беттеши 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де өтөт.

Катар-2022: Аргентинанын курамасы жарым финалга өттү

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Нидерланд менен Аргентинанын курама командалары оюн өткөрдү. Беттеш 4:3 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктады. Эске салсак, буга чейин Бразилия менен Хорватиянын курамалары ортосунда беттеш өтүп, Хорватия жарым финалга жолдомо алган. Чейрек финалда дагы эки оюн өтөт: Португалия —… Кененирээк…