«Коопсуз шаар — 2» долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын көчөлөрүндө камералар орнотула баштады

«Коопсуз шаар — 2» долбоорунун алкагында Бишкек жана Токмок шаарларынын

көчөлөрүндө камералар орнотула баштады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен

билдиришкендей, иштер башталып, ордо калаанын Тыналиев — Масалиев,

Токтоналиев — Масалиев жана Токомбаев — Жукеев Пудовкин көчөлөр

кесилишинде аткарылууда. Ал эми Токмоктун 6 көчө кесилишинде жабдуулар

пайда болот. Камералар унаалардын агымы көп болгон жана катуу ылдамдык менен

жүргөн көчөлөргө коюлууда. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында

Бишкек, Ош жана облустук маанидеги 15 шаарга, 73 калктуу конушка видео

байкоолор орнотулат. Иштер 2022-жылдын мартына чейин аяктайт.