Япониянын өкмөтү төрт күндүк иш жумасын сунуштады

Япониянын өкмөтү төрт күндүк иш жумасын сунуштады. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жумасына төрт күн иштөө кызматкерлердин жеке жашоосуна көбүрөөк убакыт бөлүп, балдарын багууга же улгайган туугандарына кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошондой эле япониялыктар кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп, көбүрөөк саякаттай алышат.

 

Буга чейин жумасына төрт күн иштөөнү 2019-жылы Microsoft Japan компаниясы баштап, ишканада эмгек өндүрүмдүүлүгү  40 пайызга жогорулаганы айтылат.