Хоргосто Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат

Хоргос шаарында Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат. Тиешелүү тараптар кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

 

Документте кыргызстандык ишкерлер үчүн Кытайдын Хоргосунда көргөзмө павильонун бөлүп берүү да каралган. Бул кыргызстандык ишкерлерге рынокторун кеңейтүүгө, жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.