Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт

Кыргызстанда пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдиргендей, 1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6 миң 900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт.

 

Биринчи этап 1-июлда башталып, анын алкагында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 500 сомго жеткирилет. Ал эми 2-этапта пенсиянын минималдык көрсөткүчү 6 миң  900 сомду түзөт. Кошумчалап кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата 779 миң пенсионер бар.