Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Иштерди “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө. Адистер Москва, Гоголь, Байтик Баатыр, Ак-Кайың көчөлөрүндөгү шамчырактарды жаңыртышты.
Эске салсак, ишкана көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча шаар тургундарынан арыздарды кабыл алат.